Элдин ден соолугу менен ойношкон. Дары департаментинин кызматкерлери кармалды

Учурда дарылардын курамын жана анын мүмкүн болуучу кошумча таасирлерин аныктоо үчүн зарыл адистерди тартуу иштери башталганы айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. Дары-дармек жана медициналык техника департаментинин жооптуу кызматкерлери мурдагы документтерди жасалмалап, алмаштырып, өлкөгө сапатсыз дарыларды тоскоолдуксуз ташып келүүгө шарт түзгөндүгү үчүн кармалышты. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан кабарлады.
Аталган ведомство Дары-дармек жана медициналык техника департаментинин кызмат адамдарынын жана "А" жеке ишканасынын сапатсыз дары-дармектерди мыйзамсыз кайра каттоодо, сертификациялоодо жана кийин республиканын аймагына ташып келүүдө мыйзамга каршы иштерге барганын аныктаган.
"2020-жылы Саламаттык сактоо министрлигинин Борбордук көзөмөлдөө-аналитикалык лабораториясында тиешелүү лабораториялык изилдөөлөрдү жүргүзүүдө, импорттолуучу дарылардын курамынын айрым ченемдери ден соолук үчүн олуттуу кесепеттерге алып келиши мүмкүн болгон тиешелүү чектен ашып кеткендиги аныкталган", — деп айтылган маалыматта.
Бирок аталган жагдайга карабастан, алар мамлекеттик каттоонун тартибин бузушкан. Текшере келгенде башка дагы мыйзамсыз иштер чыккан.
"Баштапкы документтерди жасалмалап, алмаштырып, өлкөгө сапатсыз дарыларды тоскоолдуксуз ташып келүүгө шарт түзгөн. Бул факты боюнча сотко чейинки өндүрүш иши козголуп, ишкананын кызматтык имаратында тинтүү иштери жүргүзүлүп, салык төлөөдөн качуунун фактыларын көрсөткөн. Анын ичинде медициналык кызматкерлерге накталай төлөмдөр системасы аркылуу өз продукциясын илгерилетүү үчүн мыйзамсыз маркетинг ыкмалары, атаандаштыкты колдонууну тастыктаган "кош эсепке жазуу" бухгалтердик каржылык документтер алынган", — деп айтылган маалыматта.
Көрүлгөн чаралардын натыйжасында аталган департаменттин директорунун орун басары Б.К. жана башкармалыктын башчысы Т.И. кармалып, УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Маалымат кызматы учурда дарылардын курамын жана анын мүмкүн болуучу кошумча таасирлерин аныктоо үчүн зарыл адистерди тартуу, ошондой эле мамлекетке келтирилген зыяндын так суммасын белгилөө боюнча керектүү иликтөө иштери жүрүп жатканын айтты.
Радио
Сагынбаев: өлкөдө дары чыгарган бирдиктүү ишкана ачылат