Нарында "Ак-Талаа көмүр" мамлекеттик ишканасы түзүлдү

Жаңы ишкананын Турук көмүр кенин туруктуу иштетүү, Ак-Талаа, Нарын, Ат-Башы райондорунун элин көмүр менен камсыздоо максаттарын көздөөрү айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. Нарын облусунун Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясынын алдында "Ак-Талаа көмүр" ведомстволук көмүр казуучу мамлекеттик ишканасы түзүлдү. Бул тууралуу аймактык кабарчыга президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн билдирди.
Аталган мекеме министрлер кабинетинин токтому менен түптөлгөн.
“Бул демилге президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешов тарабынан көтөрүлүп, Турук көмүр кенин туруктуу иштетүү, Ак-Талаа, Нарын, Ат-Башы райондорунун элин көмүр менен камсыздоо, жергиликтүү бюджетке киреше түшүрүү, районду дотациядан чыгаруу максаттарын көздөйт”, — деп айтылган маалыматта.
Европанын бир катар өлкөлөрү Кыргызстандан көмүр сатып ала баштады