Кыргызстанда дагы бир холдинг түзүлүп, MegaCom анын карамагына өтөт

Мунун негизги максаттарынын бири кызматкерлердин маянасын жогорулатуу болуп саналат.
Sputnik
БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кыргызстанда дагы бир холдинг түзүлө турганын билдирди.
Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев почта кызматкерлеринин маянасы 5-6 миң сом болуп жатканын айтып, аны көбөйтүү маселесин көтөргөн.
"Кыргыз почтасы", "Кыргызтелеком", MegaCom ишканалары жана Евразиялык сактык банкын калыбына келтирүүнү чечтик. Баары бир холдингге бириктирилет. Алардын алдына биринчи кезекте маянаны көтөрүү тапшырмасы коюлган. Биз реформанын баштапкы стадиясында турабыз, маяналары кийинки жылы жогорулап калат деп үмүттөнөм", — деди Жапаров.
Белгилей кетсек, аталган ишканалар тапкан пайдасына жараша өзүн-өзү каржылап келет.
Радио
Сагынбаев: өлкөдө дары чыгарган бирдиктүү ишкана ачылат