Кыргызстан Беларустан "Печора-2БМ" зениттик-ракеталык комплексин сатып алды

Министр абадан коргонуу күчтөрү үчүн сатып алынган жаңы комплекс жакында Баткен облусуна жеткирилерин айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. Кыргызстан Беларустан "Печора-2БМ" зениттик-ракеталык комплексин сатып алды. Бул тууралуу коргоо министри Бактыбек Бекболотов маалымат жыйында билдирди.
Министрдин айтымында, "Белтехэкспорт" компаниясы менен комплексти сатып алуу боюнча сүйлөшүүлөр бир жылдан бери жүргүзүлүп келген.
"Печора-2БМ" зениттик-ракеталык комплексти ушул айдын аягында Баткен облусуна коюп, аба мейкиндигин жабууга  аракет жасап жатабыз", — деди министр.
Маалымат жыйында мындан тышкары кыргыз-тажик чек арасы тууралуу да кеп болду.
Өкмөт: Баткендеги бир айлык аскердик кызмат эки айга теңелет