Министр Бекболотов: Кыргызстандын 6-7 тик учагы чет өлкөдө оңдолууда

Мындан тышкары, жыл ичинде 50дөй аскердик техника оңдоп-түзөөдөн өткөн.
Sputnik
БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. Кыргызстандын 6-7 тик учагы чет өлкөдө капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп жатканын коргоо министри Бактыбек Бекболотов маалымат жыйында билдирди.
Анын айтымында, бир жылдын ичинде Коргоо министрлиги аскер бөлүктөрүндөгү 50дөн ашык аскердик техниканы оңдогон.
"Анын ичинен 30дан ашыгы сооттолгон танк техникасы, 20сы аскердик унаа. 10-октябрда Балыкчы шаарында техникаларды оңдой турган чоң база ачылды. Ал жерде бузулган техникалар ремонттолуп, аскердик катарга кошулат", — деди министр.
Ошондой эле ал ушул жылдын ноябрь-декабрь айларынан баштап базада "ГАЗ-66" автоунаасынын сооттолгон жаңы түрү куралаарын кошумчалады.
Коргоо министри: калыс тарап жок Кыргызстан менен Тажикстан эпке келе албайт