Күү атасы атыккан Нурак Абдрахманов. Залкар комузчунун жүрөктө калган элеси

Бүгүн Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, залкар комузчу Нурак Абдрахмановдун туулган күнү. Улуу устаттын көзү тирүү болгондо быйыл 75 жашка толмок.
Sputnik
Sputnik Кыргызстан агенттиги СССРдин эл артистинин сүрөттөгү ирмемдерин сунуштайт.
Нурак Абдрахманов 1947-жылы 19-октябрда Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Тоголок Молдо айылында төрөлүп, чырпыктай кезинде колуна комуз алып, ыр-күүгө жакын өскөн. Мектепти аяктаган соң Токмоктогу маданий-агартуу окуу жайында билим алып, эмгек жолун айылдагы клубда баштап, кийин бир катар маданий мекемелерде эмгектенген. Кыргыз эл артисти өзүнүн чыгармачылык жолунда далай шакирттерди өстүрүп, калың журтка мыкты күүлөрүн тартуулаган.
Залкар комузчу узакка созулган оорудан улам 2014-жылы 26-майда 66 жашында бул дүйнө менен кош айтышты.
1 / 14

Нурак Абдрахманов 15 жашында бир катар кароо-сынактарга катышып, комузчулар арасындагы биринчиликтерди жеңген

2 / 14

70-жылдарда Ош облусундагы маданий иш-чарага катышып жаткан комузчу

3 / 14

Комузчу тун уулу Таалайбек менен

4 / 14

Фрунзе шаарында уюштурулган сынакка катышканы келген учуру

5 / 14

Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты өз мезгилинде мыкты уюштуруучу да болгон

6 / 14

Комузчу Ак-Талаа райондук балдар музыкалык мектебинде эмгек жолун улаган

7 / 14

Ал Аламүдүн райондук маданият үйүн төрт жыл жетектеген

8 / 14

Кыргыз эл артисти чыгармачылык жолунда бир топ шакирттерди тарбиялап, өстүргөн

9 / 14

Таланттуу инсан темир комуз, комуз, кыл кыяк жасап, ээр чапчу

10 / 14

Залкар инсан музыкадан сырткары тарых менен алектенип, "Улуу баян" аттуу 600 беттик тарыхый эссе китебин жазган

11 / 14

Токтогул мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты Кара Молдо, Ыбырай, Ниязаалы Борош уулу, Токтогул Сатылганов, Музооке, Болуш Мадазимов, Чалагыз, Шекербектин күүлөрүн, Сартбай, Муса, Атай, Боогачы, Жумамүдүн, Бектемирдин ырларын өзгөчө чеберчиликте аткарган

12 / 14

Нурак Абдрахманов байбичеси Күмүшай апа жана неберелери менен

13 / 14

Абдрахманов "Камбаркан" этнографиялык-фольклордук ансамблинде көзү өткөнгө чейин эмгектенген

14 / 14

Нурак Абдрахманов сегиз уул, алты кыздын атасы