Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши

Баткендеги кагылышта көз жумган тургундардын үй-бүлөсүнө 1 млн. сомдон берилет

Куралдуу кагылышта 15 жай тургун набыт болгон.
Sputnik
БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Баткен облусунда чек арадагы кагылышууда набыт болгон жарандардын жакындарына берилчү компенсация тууралуу маалымат берди.
Анын айтымында, каза болгон аскер эмес 15 адамдын үй-бүлөсүнө бир миллион сомдон берилет. Ал эми жарадарларга алган жараатына жараша компенсация төлөнүп турат.
Ал эми курман болгон аскер адамдарынын жакындары канчадан алары такталган. Учурда тийиштүү органдар укуктук-ченемдик документтер менен иштеп жатат. Өкмөт башчы анын так суммасын атаган жок.
Өкмөт башчынын орун басары Бакыт Төрөбаев денесинен оор жаракат алган жети адамга 200 миң сомдон, жеңил жаракат алган 23 кишиге 100 миң сомдон берилгенин кошумчалады.
Ошондой эле Жапаров кагылыш учурунда октон 63 адам, жол кырсыгынан 12 киши набыт болгонун белгиледи.
Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши
Кыргыз-тажик чек арасында бронежилет кийген жоокердин денесинин калдыктары табылды