БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Республикалык ден соолукту чыңдоо борборунун адистери кыжырлана берүүдөн кантип арылуу керектигин айтып беришти.
Адамдын ачуулуу болуп калышына эмнелер таасир этиши мүмкүн?
Жумуштун оордугу, көптөн бери эс ала элек болсо, өнөкөт оорулар, ар кандай жаракаттардан кийинки абал, үйдөгү көйгөйлөр, жашоодогу жаза баскан кадамдар, жеке мамиледеги пикир келишпестик жана башкалар — адамга терс таасир тийгизчү көрүнүштөр.
Борбордун адистери ачуулануудан арылса болорун айтышат.
"Бул көйгөйгө өз учурунда маани берип, психиатр, психологдорго кайрылып, аны толук кетирүүгө болот", — дешти адистер.
Кыжырланууну алдын алуу жолдору:
Алаксыңыз. Сизге жакпаган жагдай жараларын, ал сиздин ачууңузду келтирерин сезсеңиз андан алысыраак болууга аракеттениңиз. Башка бөлмөгө кириңиз же сыртка деле чыгып кетсеңиз болот. Сейилдөөдөн кийин көйгөйгө башкача карап калышыңыз мүмкүн же ачууга алдырбаш үчүн эс алып алганыңыз оң.
"Көбүнчө эмнеге ачууланасыз, аны жеңе аласызбы же анын таасирин азайта аласызбы? Ушул суроолорду анализдеп көрүңүз. Эгерде жолдогу тыгын дайыма сиздин кыжырыңызды келтирсе — велосипед сатып алыңыз же жөө басыңыз, кафедеги официанттын атыры жакпай кыжырыңызга тийсе жөн гана башка кафеге барыңыз", — деп кеңеш беришет адистер. Ошондой эле алар спорт менен машыгууга чакырышкан.
Ошондой эле адам бокс грушасын ургулап терс энергиясын чыгарып салса болору белгиленет.
"Кардиомашыгуу кан басымды турукташтырат, йога менен жан дүйнөнү тынчтандарса болот. Спорттун жаккан түрүн тандап алыңыз", — дешти адистер.
Кыйкырбаңыз. Кыйкырган учурда агрессиянын биротоло бийлеп алышына жол бересиз. Позицияңызды жай эле билдирип коюу таасирдүү болот.
Үй-бүлө мүчөлөрүнүн бирине кыжырыңыз келе берсе, аны менен чогуу жасай турган бир жумуш табыңыз. Мындай жол менен тил табышуу оңой болот. Болбой эле ага ачуулана берсеңиз жалгыз болгуңуз келип жатканын ачык эле айтыңыз.
"Түрдүү аракеттерден кийин дагы сиркеңиз суу көтөрбөй жиндене берсеңиз, анда көбүрөөк уктап, көр оокатка батып кетпей жашоо темпин бир аз жайлаткан оң. Керек болсо витаминдерди, тынчтандыруучу чөп, чайларды ичүү да сунушталат", — дешти борбордон.
Адистердин айтымында, адам башынан өткөргөн жагымсыз окуясын эстеп, кайра кыжалат болгондо организм ошол окуяны кайра башынан өткөрүп жаткандай кыйналат. Мунун артынан жүрөк ооруп, кан басымы көтөрүлүп кетиши мүмкүн. Андыктан артта калган оор күндөрдү болушунча унуткарууга аракет кылыңыз.