БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. Диетолог Ольга Перевалова ашкабак пайдалуу азык экенин айтып, бирок айрым ооруларга таптакыр болбой турганын эскерткенин РИА Новости жазды.
"Ден соолугу жакшы адам ашкабакты күндө жесе болот. Анткени аталган азык организмди тазалайт. Ошондой эле көз, териге пайдалуу", — деген Перевалова.
Ошол эле учурда ичеги-карын, ашказан оорулары күчөгөндө ашкабактан жасалган тамактардан баш тарткан оң. Кеп гастрит, ашказандагы жара оорулары, панкреатит тууралуу болуп жатат.
"Бул учурда бир гана ашкабак эмес, башка да жашылчалар сунушталбайт. Анткени курамындагы клетчатка ашказан, ичегиден өтүп баратып ансыз деле сезгенип турган былжыр челин тазалап кетет. Мында бейтаптын абалы мурдагыдан да начарлайт", — деген диетолог.
Ашкабак ичеги-карды начар иштеген адамдардын ичин алары айтылды. Дарыгер бул азыкты ичи каткандарга сунуштаган.