Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Мамдепартамент: АКШ Россиянын дүйнөлүк рынокко эгин чыгаруусуна каршы эмес

Ведомствонун айтымында, санкциянын жеткирүүлөргө эч кандай тиешеси жок.
Sputnik
БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. АКШ Россиянын дүйнөлүк рынокко эгин жана үрөн чыгаруусуна каршы эмес, санкциялардын аталган чөйрөгө тиешеси жок. Бул тууралуу Американын мамлекеттик катчысынын европалык жана евразиялык маселелер боюнча жардамчысы Карен Донфрид билдиргенин РИА Новости жазды.
"АКШнын санкциясы россиялык эгиндин жана үрөндүн жеткирилишине колдонулбай турганын так түшүндүрдүк. Бул боюнча эч кандай баш оору жок", — деген Донфрид.
Ал Украинадагы кырдаал сүйлөшүү жолу менен жөнгө салынарына ишенерин, бирок бул үчүн Россия да аракет кылышы керектигин белгилеген.
"Бирок бүгүнкү күндө Россия өз ыктыяры менен сүйлөшүүгө (Украина менен — ред.) даяр экенин көрө албай келебиз", — деди дипломат.
Буга чейин РФ президенти Владимир Путин эгер Киев "жетилип", ортомчулардын кийлигишүүсү талап кылынса Россия Украина боюнча сүйлөшүүлөргө даяр экенин айткан болчу.
НАТОнун Steadfast Noon машыгуулары "чоң казатка" соңку камылгабы? Ой толгоо