Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

ЖМК: Украина АКШнын жардамы жок Россияга бир ай да туруштук бере албайт

Автордун пикиринде, Зеленскийдин өкмөтү толугу менен АКШ жана НАТОнун саясий, финансылык жана аскердик жардамынан көз каранды.
Sputnik
БИШКЕК, 18-окт. — Sputnik. Украина АКШ жана НАТОнун аскердик колдоосу жок Россияга бир ай да туруштук бере албайт. Бул тууралуу Американын National Interest журналынын башкы директору Дмитрий Саймстын айтканына таянып РИА Новости жазды.
"Владимир Зеленскийдин өкмөтү толугу менен АКШ жана НАТОнун саясий, финансылык жана аскердик жардамынан көз каранды жана ага муктаж. Ансыз Украина Россияга бир ай да туруштук бере алмак эмес", — деген Саймс.
Макаланан автору Жо Байдендин администрациясынын Киевге Москва менен Вашингтондун Украинага байланыштуу каалаган келишимине вето коюу укугун берүү чечиминен күмөн санаган.
"Тез эле тутанып кетиши мүмкүн болгон чыр-чатакты дипломатиялык жол менен чечүүгө аракет кылбай НАТО Украинаны канча керек болсо ошончо убакыт колдошу зарыл деген нерсенин өзү чоң ката болмокчу", — деди басылманын директору.
Буга чейин Россия НАТО Украинага курал-жарак жеткиргени үчүн альянска нота жөнөткөн. Атайын операциянын фонунда АКШ жана анын НАТОдогу өнөктөштөрү Украинага курал-жарак ташууну улантууда. Вашингтон Киев бийлигине аскердик жардам үчүн миллиарддаган доллар бөлүп жатат. Ал эми Москва курал-жарак жеткирүү жаңжалды ырбатарын айтып келет.
НАТОдогулар альянстын Киевге жардам берүүдөн баш тарткан себебин түшүндүрдү