Радио

Мамбетов: Ошто "Коопсуз шаар" долбоорунун камералары орнотулуп бүттү

Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов Ош шаарында жакында "Коопсуз шаар" долбоору иштей баштаарын айтты.
Sputnik
Учурда Ош калаасында транспорт тартипсиздиги көйгөйү бар. Аталган маселе туризм тармагын өнүктүрүүгө да терс таасирин тийгизүүдө. Бул тууралуу Алмаз Мамбетов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, жакынкы күндөрү Ош шаарында "Коопсуз шаар" долбоору өз ишин баштайт.
"Ош шаарында туризм тармагын өнүктүрүүгө басым жасалууда. Анын алкагында быйыл тротуарлар жылы деп жарыяланып, калаа ичиндеги көптөгөн бир таман жолдор жасалды. Муну менен катар эле "Коопсуз шаар" долбоорун ишке ашыруу да колго алынган. Учурда бардык камералары орнотулуп бүтүп, жол белгилерин ылайыкташтырып жатабыз. Бул иштер жыйынтыкталары менен алгач сынамык иретинде, андан соң долбоорду толугу менен ишке киргизебиз. Шаарыбызда транспорт башаламандыгы жоюлуп, тыгындар азайып иретке келе түшөт деп күтүп жатабыз", — деди Мамбетов.
Ал ошондой эле жакынкы күндөрү Ош шаарында экинчи туристтик жарманке өтөрүн кошумчалады.