БИШКЕК, 18-окт. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын билим берүү уюмдары үчүн окуу материалдарын даярдоо маселелери жөнүндө” жарлыкка кол койду. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.
Ал билим берүү уюмдары үчүн окуу материалдарын даярдоону камсыз кылуу, мамлекеттик үлүшү бар жергиликтүү ишканалардын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатын көздөйт.
Мындан улам Жапаров үлүшүнүн 77,36 пайызы мамлекетке таандык болгон “Учкун” ишканасын билим берүү уюмдары үчүн окуу материалдарын даярдоочу кылып аныктоо тапшырмасын берди.
Жарлыкка ылайык, министрлер кабинети төмөнкү иштерди аткарууга тийиш:
“Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү долбоорун үч айлык мөөнөттө иштеп чыксын жана Жогорку Кеңештин кароосуна киргизсин;
өзүнүн чечимдерин ушул жарлыкка ылайык келтирсин;
ушул жарлыктан келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрсүн.
Эске салсак, буга чейин окуу куралдары көп учурда чет өлкөлөрдөн басылып келчү. Индия, Италия, Вьетнамдан чыгарылып келген учурлар дагы бар.