Жыл башынан бери Кыргызстанга 5 миллионго чукул турист келди

Быйыл туристтер өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2 миллион 792 миңге көп болгон.
Sputnik
БИШКЕК, 18-окт. — Sputnik. Кыргызстанга быйыл тогуз айда чет өлкөлөрдөн беш миллионго чукул турист келди. Бул туурасында Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
Маалымат Чек ара кызматы тарабынан алынган. Дүйнөлүк туристтик уюмдун (ЮНВТО) классификациясына кирген алыскы жана жакынкы чет өлкөлөрдөн келгендердин саны 4 993 023 адамды түзгөн. Өткөн жылдын ушул мезгилинде 2 миллион 201 миң турист келгени белгиленди.
Ал эми Салык кызматы туристтик ишмердүүлүктөн жана мейманкана, ресторандардан биринчи жарым жылдыкта 388 миллион (былтыр 231 миллион сом) салык түшкөнүн билдирген.
Кыргызстанга алты арабиялык блогер келди. Бири калгысы келерин айтууда