Ейскидеги учак кырсыгынан көз жумгандардын саны 13кө жетти, үчөө балдар

РФ ӨКМинин маалыматы боюнча, издөө иштери учурунда 68 адам куткарылып, 360 киши коопсуз жакка көчүрүлгөн.
Sputnik
БИШКЕК, 18-окт. — Sputnik. Краснодар аймагынын Ейск шаарчасында аскердик учак кырсыгынан көз жумгандардын саны 13кө жетти. Бул тууралуу РИА Новости саламаттык сактоо министринин жардамчысы Алексей Кузнецовдун айтымына таянып кабарлады.
"ӨКМдин маалыматы боюнча, талкаланган имараттарды тазалоо учурунда учак кулаган жерден көз жумгандардын сөөктөрү табылган. 18-октябрь саат 6:00гө карата (Ейск убактысы) кырсыктан 13 адам каза болгон. Анын үчөө балдар", — деген Кузнецов.
Ал 19 адам ар кандай жаракат алганын кошумчалап, төртөө Краснодар аймагындагы ооруканага жеткирилгенин белгиледи. Калганы Ейск шаарчасындагы ооруканада дарыланышууда.
РФ ӨКМинин маалыматы боюнча, издөө иштери учурунда 68 адам куткарылып, 360 киши коопсуз жакка көчүрүлгөн. Краснодар аймагынын вице-губернатору Анна Менькова каза болгондордун айрымдары өрттөн сактануу үчүн көп кабаттуу үйдүн үстүңкү кабаттарынан секиришкенин билдирген.
Эске салсак, 17-октябрда Россиянын Краснодар аймагына караштуу Ейск шаарчасындагы турак жай кварталдарынын бирине Су-34 бомбалоочу истребители кулады. РФ Коргоо министрлигинин маалыматына караганда, Су-34 машыгуу иштери учурунда тапшырманы аткаруу үчүн асманды көздөй күү менен көтөрүлүп бара жатканда кырсыктаган. Бомбалоочу истребителдин учкучтары коопсуздук чараларын көрүп, чыгып кетүүгө үлгүрүшкөн. Россия президенти Владимир Путин Ейск районундагы аскердик учак кырсыгынан жабыркагандарга тиешелүү жардам көрсөтүү тапшырмасын берди. Окуя боюнча Россиянын тергөө комитети кылмыш ишин козгоп, анын келип чыккан себеби аныкталмакчы.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Батыш Россияга каршы террордук согушка өтүп жатабы? Ой толгоо