Азербайжандык бизнесмендер Чүйгө келип, ири ишканалар менен меморандум түздү

Келген ишкерлер Чүй облусунун башчысы Нурил Алымбаев менен жолуккан.
Sputnik
БИШКЕК, 18-окт. — Sputnik. Азербайжандын бизнес тармагынын өкүлдөрү Чүй облусуна келип, ири ишканалар менен кызматташууга кызыкдарлыгын билдиришти. Бул туурасында министрлер кабинетинин маалымат кызматы кабарлады.
1 / 5

Азербайжандын бизнес тармагынын өкүлдөрү Чүй облусуна келип, ири ишканалар менен кызматташууга кызыкдарлыгын билдиришти

2 / 5

Аталган өлкөдөн келген ишкерлер тобунун жетекчиси Зафар Мамедов Чүй облусунун башчысы Нурил Алымбаев менен жолугушкан

3 / 5

Анда эки тараптуу сүйлөшүү жүргүзүлүп, ишкерликти өнүктүрүү жаатында конкреттүү иш-пландар талкууланды

4 / 5

Натыйжада ишкерлер Чүйдүн "Кант Сүт", "Үмүт и К" сыяктуу көрүнүктүү ишканалары менен кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюшту

5 / 5

"Аталык Групп" ЖАК менен дагы кызматташуу боюнча макулдашуулар жүрүп жатат.

Аталган өлкөдөн келген ишкерлер тобунун жетекчиси Зафар Мамедов Чүй облусунун башчысы Нурил Алымбаев менен жолугушкан.
"Анда эки тараптуу сүйлөшүү жүргүзүлүп, ишкерликти өнүктүрүү жаатында конкреттүү иш-пландар талкууланды. Натыйжада ишкерлер Чүйдүн "Кант Сүт", "Үмүт и К" сыяктуу көрүнүктүү ишканалары менен кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюшту. "Аталык Групп" ЖАК менен дагы кызматташуу боюнча макулдашуулар жүрүп жатат", — деп айтылат маалыматта.
Мындан сырткары, азербайжандык бизнесмендер Ысык-Ата, Кемин райондоруна убактылуу жайгашкан Баткендин тургундарына 252 миң сомдук гуманитардык жардам көрсөткөн.
Садыр Жапаров азербайжандык инвесторлорду чакырып, ыңгайлуу шарттарды убадалады