Баласы Чыңгыз Абдраевдин автоунаасы жол эрежесин бузганы үчүн токтотулган. Андан кийин Кайгуул кызматкерлери менен чатакташа кетип ок жеген эле. Учурда Абдраевдин өлүмүнө айыпталган кызматкер Д.Ж. камакта. Ал күнөөсүн жарым-жартылай мойнуна алган. Кылмышка тийиштиги бар үч кызматкер үй камагына чыгарылган.
Маркумдун энеси жакынкы күндөрү негизги айыпталуучу сотто суракка алынарын, бирок акыйкат чечим чыгарына ишенбей турганын айтты. Күнөөлүүнүн ата-энеси сот отурумдарында аны шылдыңга алып келерин айтты. Ошондой эле үч кызматкер үй камагына чыгып кеткенине нааразы экенин билдирип, бийликтен бардык кызматкерлердин катаал жаза алышын суранды.