Бишкектин Көлмө конушунда мектептин жаңы корпусу салынып, ачылыш аземи болду. Сүрөт

Жаңы салынган корпус 380 окуучуга ылайыкташкан. Анда 15 окуу кабинети, жыйындар залы, китепкана, спорт зал, футбол, баскетбол жана волейбол аянтчалары бар.
Sputnik
БИШКЕК, 17-окт. — Sputnik. Бишкектин Көлмө конушунда №78 мектеп-гимназиянын жаңы корпусу салынып, анын ачылыш аземине министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жана калаа башчы Эмилбек Абдыкадыров катышты. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
1 / 5

Бишкектин Көлмө конушунда №78 мектеп-гимназиянын жаңы корпусу салынып, анын ачылыш аземине министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жана калаа башчы Эмилбек Абдыкадыров катышты

2 / 5

Жаңы корпусту ачуу аземинде Акылбек Жапаров шаарда мектеп жетишсиздиги чоң көйгөйгө айланганын айтып, буга байланыштуу 2022-жылы 16 мектеп куруу чечими кабыл алынганын белгилеген

3 / 5

Белгилей кетсек, жаңы салынган корпус 380 окуучуга ылайыкташкан

4 / 5

Анда 15 окуу кабинети, жыйындар залы, китепкана, спорт зал, футбол, баскетбол жана волейбол аянтчалары бар

5 / 5

Бишкектеги №78 мектеп-гимназия 1 564 окуучуга эсептелгени кошумчаланды

Жаңы корпусту ачуу аземинде Акылбек Жапаров шаарда мектеп жетишсиздиги чоң көйгөйгө айланганын айтып, буга байланыштуу 2022-жылы 16 мектеп куруу чечими кабыл алынганын белгилеген.
"Буга чейин мектептердин курулушуна көпчүлүк учурда 5-6 миллион сомдун тегерегинде акча бөлүнүп, капсулалар салынып, курулуш иштери бир нече жылдарга созулуп кеткен. 30 жыл ичинде жалпысынан 28 мектеп курулса, быйыл бир жылда эле 16 мектепти салдык. Бул жаатта жаңы конуштарга өзгөчө көңүл бурулду", — деген Жапаров.
Белгилей кетсек, жаңы салынган корпус 380 окуучуга ылайыкташкан. Анда 15 окуу кабинети, жыйындар залы, китепкана, спорт зал, футбол, баскетбол жана волейбол аянтчалары бар. Бишкектеги №78 мектеп-гимназия 1 564 окуучуга эсептелгени кошумчаланды.
Бишкектеги №20 мектеп-гимназияга Гейдар Алиевдин ысымы ыйгарылды. Сүрөт