Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши

Баткенде чек ара чырынан жабыркаган 311 кишиге 200 миң сомдон берилди

Баткен, Лейлек райондорунун жашоочуларына 13 870 тонна көмүр түшүрүлгөн.
Sputnik
БИШКЕК, 17-окт. — Sputnik. Баткенде кыргыз-тажик чек арасындагы чырдан жабыркаган 311 кишиге 200 миң сомдон берилди. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.
Министрлик атайын эсепке канча акча которулганын да айткан.
"Атайын эсепке 320 миллион 060 миң 289 сом түштү. Көрсөтүлгөн суммадан чек арадагы чырда жабыркаган 311 жаранга 200 миң сомдон бөлүнүп берилди", — деп жазылат кабарда.
Мындан тышкары, Баткен, Лейлек райондорунда жабыркагандарга 13 870 тонна көмүр түшүрүлгөнү кошумчаланды.
Бишкек мэриясы Баткенде үйсүз калгандарга мобилдик турак жай жөнөттү. Сүрөт