Тоого чыгып дайынсыз болуп жаткан россиялык жарандар табылды

Бүгүн аларды издөөгө ӨКМдин үч куткаруучусу кеткен.
Sputnik
БИШКЕК, 16-окт. — Sputnik. Ысык-Көлдө изделип жаткан Россиянын эки жараны табылганын ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.
Эске салсак, чет элдиктер 15-октябрда Чолпон-Ата шаарынын күн батыш тарабында жайгашкан Арал капчыгайына эс алууга кетип, ошол бойдон байланышка чыкпай дайынсыз болуп жатканы айтылган.
"ӨКМдин куткаруучулары аларды көрсөтүлгөн жерден кечээ издеп, бирок табышкан эмес. Бүгүн да издөө иштери уланып, чет элдиктер байланышка чыгып, табылды", — деп жазылат маалыматта.
Россиянын эки жараны куткаруучулар менен тоодон түшкөнү кошумчаланды.
Кайыр сурачу. Бишкекте Бейшегүл Мамеркулова изделүүдө. Белгилери