Кыргызстандын жапайы жаныбарлары франциялык фотографтын көзү менен. Сүрөттөр

Франциялык фотограф Бастьен Шайс (Bastien Chaix) бир нече жылдан бери Кыргызстанга каттап, Ала-Тоо койнун байырлаган жапайы жаныбарларды сүрөткө тартып келет.
Sputnik
Чет элдик фотографка өлкө аймагында жапайы жаратылышты коргоо боюнча иш алып барган бир катар уюмдар, егерлер, жергиликтүү тургундар көмөктөшкөн. Бастьен Шайс Ысык-Көл, Нарын, Чүй облусундагы жаратылыш коруктарын кыдырып, илимий экспедицияны да айкалыштырган изилдөө иштерин жүргүзгөн.
1 / 12

Ысык-Көл облусундагы Сары-Чат — Ээр-Таш коругунун аймагындагы кулжалар

2 / 12

Чүй облусундагы Чоң-Кемин тоолорун байырлаган бугу

3 / 12

Сары-Чат — Ээр-Таш жаратылыш коругунда суу болгон коен

4 / 12

Тоодо топтошкон кулжалар. Ысык-Көл облусу.

5 / 12

Асмандан жерге көз салып олжосун издеген көк жору

6 / 12

Сестенип чочулаган аркар

7 / 12

Ак кар, көк муз баскан тоолор, андагы жапайы жаныбарлар

8 / 12

Фотограф экспедиция маалында бир топ жырткыч жаныбарларды кездештирген

9 / 12

Ысык-Көлдүн Сырт өрөөнүндө кеңири кездешкен тоо теке

10 / 12

Суур. Нарын облусу.

11 / 12

Бийик тоолуу аймакка жаз кечирээк келет. Сүрөттө тоо теке.

12 / 12

Чоң-Кеминдин тоолорундагы бугу

Тема боюнча:
Маймыл, ак илбирс. Жер жүзүнөн жоголуп бараткан жаныбарлардын сүрөттөрү