Sputnik Кыргызстан редакциясына Кыргыз эл жазуучусу, мамлекеттик ишмер Асанбек Стамовдун уулу Эсентур Стамов маек курду. Биз жазуучунун өмүрү жана чыгармачылыгы тууралуу баарлаштык.
Асанбек Стамов Москва районундагы Мураке айылында 1938-жылы 28-августта туулган. 1962-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин бүтүргөн. Эмгек жолун 1962-жылы Токмок шаарындагы Токтогул атындагы мектеп-интернатта мугалим болуп иштөөдөн баштап, гезит-журналдарда кабарчы, кийин мамлекеттик жетекчилик кызматтарда иштеген. Чыгармачылык жолун 1959-жылы "Ала-Тоо" журналына "Ата" деген чакан повестин басуудан баштайт. Көп аңгеме, повесттери Москвада басылып, "Кыргыз жазуучуларынын антологиясына" киргизилген. Кыргыз эл жазуучусу маданиятка эмгек сиңирген ишмер, Манас орденинин кавалери болгон.
Кыргыз эл жазуучусу, мамлекеттик ишмер Асанбек Стамовдун уулу Эсентур Стамов
© Sputnik / Асель Сыдыкова
— Асанбек Стамов чыгармачылыкка кантип аралашып калган экен?
— Негизи биздин түбүбүз — Суусамыр. Ошол жердеги Ой-Кайың деген кооз кыштоодо 1938–жылы төрөлгөн. Бир жылдан кийин апасы чоң атам каза болгондон кийин уулун алып (1939-жылы), Чүйдүн Москва районуна баса берет. Ошону менен атам Мураке айылында чоңоюп, туулгандыгы тууралуу күбөлүктө Москва районунун Мураке айылы деп жазылып калган.
Чыгармачылык дарамет адамдын дээринде болсо, ал акыры көөдөндү жарып чыгат экен. Атам алгач 16 жашында "Ата" деген чыгармасын жазган. Ошондон кийин эле чыгармачылыкка баш-оту менен кирип кеткен. Тукумубузда деле жазуучулук болбоптур. Атабыздан башталды. Бирок бизге бул талант оогон жок. Мүмкүн неберелеринен мыкты жазуучу чыгып калар. Негизи эле белгилүү адамдын уул-кызы болуунун бир аз жоопкерчилиги бар, себеби жаза бассаң сөз атаңа тиет.
— Атаңыздын иштеп жаткан кездерин далай көргөндүрсүз. Эстеп айтып бере аласызбы?
— Атам дайыма биздин жаныбызда болуп, көп убактысын балдары менен өткөрө алган жок. Өзү айткандай, чыгарма жаратарда жазуучу да боюнда бар аялдай толгонуп, ойлонуп калат экен. Чыгармаларын колго же машинкага жазышчу да. Ошол себептен бир-эки айлап дачага же Көлгө кетип калчу. Убагында атабызды көп көрбөй, жанында дайым жүрө албай биз да жабыркадык десем болот. Атама абдан жакын элем. Ата деген балага үлгү, анан дос болот экен. Экөөбүз сырдашып, көп акылдашчубуз. Ошондуктан 2010-жылы атамдын өтүп кеткени мага абдан оор тийди. Эки жылдай өзүмө келе албай жүрдүм. Азыр деле куса болом, сагынам. Атам неберелеринин көбүн көрбөй калды. Аларга чоң атасы тууралуу айтсаң, азырынча көп маани бербейт. Чыгармаларын кайталап окуп, каармандарынын прототибин эл ичинен издеп, салыштырасың. Кээде алардын арасынан досторду табасың.
Жазуучунун 80 жылдыгына карата үй-бүлөсү анын 12 томдугун чыгарган
© Фото / из семейного архива Стамовых
— Ал кишинин көзү өткөндөн кийин чыгармаларынын 12 томдугу кандайча жарык көрдү?
— Апам атамдын 80 жылдыгына карата 12 томдукту чыгарып, өзү сынчы, өзү редактор болду. Эки жылдай иштеп, акыры эмгекти бүтүрдү. Анын ичине алгачкы чыгармаларынан баштап баары кошулду. Бирок кийинки кезде пираттык жол менен атабыздын чыгармалары да чыгып кетти. Бул бизге жакпаганы менен таанымал китептер жарыялана берет экен.
— Негизинен атаңызга жакын болупсуз, турмушта кандай өрнөк алдыңыз?
— Биз эки эркекпиз. Агам Медеттин үч баласы бар. Улуусу 18 жашка чыгып калды. Менин беш балам бар. Улуу кызым 16 жашта. Атам абдан мекенчил эле, оозунан "кыргыз элим" деген сөз түшчү эмес. 2005 жана 2010-жылдагы төңкөрүштө абдан кайгырды. Чыгармачыл адамдар өз тагдырын экиге бөлүп коюшат экен. Алардын эки жашоосу же дүйнөсү болот. Бирин үй-бүлөлүк жеке жашоосуна арнаса, экинчисин эли-журтуна арнап, оор мезгилде күндүр-түндүр ойлонуп-толгонушат. "Жерден жарака кетсе акындын жүрөгү аркылуу өтөт" дешет. Ошондуктан атам бизге эли-жерибизди сүйүүнү үйрөттү. Жашоомдо чет мамлекетке кетип калууга көп эле мүмкүнчүлүктөр жаралды. Бирок "башыңа кандай кыйынчылык келсе да мекениңди таштаба" деп айтканы бар. Ошол кебин унутпайм. Анан атам басса-турса эле "тукумуң өскүр" деп алкачу. Кудайга шүгүр, беш баланын атасымын. Азыр мен да балдарыма Асанбек Стамовдун ким болгонун айтып, бизге берген таалим-тарбиясын неберелеринин боюна сиңиргим келет. Атам Маданият министрлигинде 15 жыл орун басар болуп, мамлекеттик телерадиокорпорациясын башкарып, "Учкун" акционердик коомунун жетектеди. Чыгармачылык менен катар кызматты да айкалыштырды. Эртең менен сегизден кечки чегизге чейин иштеп, кечинде келип чыгарма жазганын эстесем абдан таң калам. Буга энергия, потенциал керек. Акыркы романын, "Хан Тейишти" беш жыл эч жакка жылбай отуруп жазды. Тынбай иштегенине күбө болдум. Ага чейин Москвага да барып 20 жылдай тарыхый материал топтоду. Бул абдан зор илимий эмгек. Аталган романда кыргыздын көп тарыхый доору чагылдырылган. Бул чыгарманы орусчага которуу планыбызда бар. Көп киши чыгарууга уруксат сураган.
Кыргыз эл жазуучусу Асанбек Стамов жазуучулардын жыйынында сөз сүйлөп жаткан учур. 1992-жыл.
© Фото / из семейного архива Стамовых
— Мүнөзү кандай эле?
— Атамдын мүнөзү чорт болчу. Бетке айтчу. Үйдө кандай болсо, сыртта деле ошол эле. Акты ак, көктү көк дечү. Ушул мүнөзүнөн улам өзүнө көп душман арттырып алчу. Анткени кыргыздар бетке айткан кишини көп жактырбайт да. Үйдө атабыздын сөзүн эки кылчу эмеспиз. Бизге кол көтөрүп же катуу урушчу эмес. Бирок сүрдүү киши болгондуктан коркчубуз. Атам мени 46 жашында көрдү, көп сырдашчу.
— Атаңыз менен окшоштугуңуз барбы?
— Мүнөзүбүз окшош, бирок мен атамдай чорт эмесмин. Бетке чабар жагым жок. Дипломатиялык жол менен жеткирүүгө аракет кылам.
— Атаңыз менен кандайдыр бир кызыктуу окуялар болду беле?
— Атам экөөбүз чогуу базарга барабызбы же көчөдөнбү, ар бир жолуккан киши ага өзгөчө мамиле жасаганын көрчүмүн. Ошол учурларда эле ар кандай кызык окуяларга күбө болуп калчумун. Ал адамдар кийин чыгармаларында каарманга айланчу. Атам лириканы, сүйүүнү, ата-эне менен баланын ортосундагы мамилени көп жазчу. "Үч мээрим" деген жомогу да 3-класстын окуу программасына киргизилген. Тарбиялык мааниси абдан жакшы. Кийин алынып калыптыр.
Ал чыгармачылыгын 1959-жылы "Ала-Тоо" журналына "Ата" деген чакан повестин басуудан баштайт. Көп аңгеме, повесттери "Кыргыз жазуучуларынын антологиясына" киргизилген.
© Фото / из семейного архива Стамовых
— Атаңыздын бардык чыгармаларын окудуңузбу?
— Окуй элек чыгармалар да бар. Азыр "Хан Тейиш" романын кайрадан окуп жатам. Чынын айтканда, алгачкы 50 барагын түшүнүү кыйын болду. Анткени байыркы жунгар-ойрот доору баяндалып, ошол заманга таандык көп сөздөр кездешет. Ар бир нукура эски сөздүн маанисин сурап, чечмелеп жатам. Кудай буюрса, өзүм окуп чыгып түшүнгөн соң орус тилине котором деген оюм бар. Анткени кызыккандар көп, бирок нукура тарыхый сөздөр колдонулгандыктан көбүнө муну түшүнүү кыйын. Менин да чыгармачылык менен алектенүү ниетим бар. Бирок буга кенен убакыт керек экен. Атам жумуш менен чыгармачылыкты айкалыштырып алып кетчү. Андай кылууга күчүм жетпей жатат окшойт. Учурда жеке компания ачып иштетип жаткам. Балким беш жылдан кийин чыгарма жазууну колго алармын. Көп идеяларым, айта турчу сөздөрүм бар.
— Атаңыздын калемдештерин, кыргыздын залкар жазуучуларын көрүп калдыңыз да...
— Жазуучулар — жашоо табияты, көз карашы өзүнчө эле кызык адамдар. Атам, Качкынбай Артыков, Жалил Садыков жана Насирдин Байтемировдор бири-бирин эле конокко чакыра беришчү. Азыркыдай кафе, шерине деген жок болчу. Бирок жума сайын чогулушпаса баштары ооручу. Бир маселени талкуулап, маектешип, кээде көз караштары дал келбей уруша да кетишчү. Жума сайын чогулушчу. Бирок артынан сүйлөбөй, бирөөнүн туура эмес кылганын бетине айтышкан.
Атам Турдакун Усубалиевдин кол алдында 25 жыл, Күлүйпа Кондучалова менен 15 жыл иштешип калды. Кийин жылына 31-декабрда экөөнө барып учурашып, куттуктап да жүрдү. Атам ал кишилерге чын дилинен мамиле жасачу. Ушул инсандарды да көп көрүп калдым. Үйлөрүнө конокко бирге барчумун. Кептерин уктум.
Асанбек Стамов уулу Эсентур менен Турдакун Усубалиевдин үйүндө мейманда. 1998-жыл.
© Фото / из семейного архива Стамовых
— Кызматкердин уулу катары эрке өстүңүзбү?
— Негизи эле атактуулардын балдары эрке дегенге кошулбайм. Ал тарбиядан жана баланын дээринен болот. Бала кезибизде атабыз чет мамлекетке көп чыкканы менен эл катары эле кийиндик. Ал кез дефицит заман болчу. Элде жок модалуу кийим-кечек, буюмдарыбыз деле болгон жок. 1986-жылы атайын делегация менен Афганистанга барган. Согуш болуп жаткан. Ошол жактан бир оюнчук танк алып келиптир. Азыр ошол эле эсимде.
— Сиздин кесип тандооңузга аралаштыбы?
— Атам мени көп анализдеп, байкап турчу. Ал киши менин мамлекеттик кызматта иштегенимди каалаган. Келечекте ким болорумду сураганда "ата, бир күн да мамлекеттик жумушта иштегим келбейт. Туура түшүнүңүз" деп өз арыгымды чаап, жеке ишкерлик менен алектенеримди айтчумун. Башында каршы чыкканы менен кийин колдоду. Бирок максатымды далилдеп бердим. Бизди тыйган эмес, оюбузду, тандообузду сыйлачу. Биз да атабыздын айтканын эки кылчу эмеспиз. Бир жакка жибербесе үйдө отуруп калчубуз. Экиленүү деген жок эле.
Жазуучу 1962-жылы Токмок шаарындагы Токтогул атындагы мектеп-интернатта мугалим болуп иштеген. Сүрөттө окуучулары менен.
© Фото / из семейного архива Стамовых
— Атаңыз оорубай жакшы жүрүп эле мезгилсиз дүйнөдөн кайтканын айттыңыз. Жаман кабарды кандайча уктуңуз?
— 2010-жылы атабыз эч оорубай татынакай жүрүп эле өтүп кетти. Андан бир жыл мурун "балам, "Хан Тейиш" романын жазып бүттүм. Беш жыл убактымды сарптадым. Чарчадым, балам, аябагандай көп күч, энергиямды бердим. Азыр тааныштар дагы бир ушундай роман жазууну сунуштап жатышат. Материалдар бар. Эмне кылсам, аны да жазууга отурсамбы" деп калды. Мен атамдын чарчаганын айтып, бир жыл эс алууга кеңеш бердим. 2010-жылы Көлгө бардык, апам экөөнү мамлекеттик резиденцияга жайгаштырып эле шаарга келе бердим. Ошол күнү кечинде көлгө түшүүгө бара жатып, жолдон жүрөгү кармап жыгылыптыр.
Жакын адамымды жоготуу өтө оор тийди. Эмне болуп жатканын түшүнө албай нес болдум. Бирок сабыр кылып, өзүмдү колго алып, атамды акыркы сапарга узаттык. Атам тирүүсүндө "каза болсом эч нерсенин кереги жок, эстелик койбогула" дечү. Бирок ушул жерден керээзин аткара алган жокпуз. Мамлекеттик комиссия түзүлүп, колодон эстелик тургузуп "Ала-Арчага" койдук. Элге сөз болууну каалабадык.
— Апаңыз тууралуу эки ооз сөз сурабасак болбос...
— Атамдын артында күчтүү аял турду. Апамдын аты Айнура Чекирова. Ал киши да аябай кайраттуу адам. Атама мыкты кеңешчи болуп жүрдү. Жолдошу каза болгондон кийин анын чыгармаларын чогултуп, иликтеп, 12 томдугун чыгарды. Азыр ага да кыйын. Бирок кайратынан жанбай өзүн кармап жүрөт.
Асанбек Стамов небереси Алтай менен. 2008-жыл.
© Фото / из семейного архива Стамовых
— Атаңыздан кандай мурас калды?
— Ал кишинин аты калды. Азыр деле кайсы жерге барбайын, тек-жайымды укканда мен үчүн көп эшиктер ачылат. Атамдын атын угуп жылуу мамиле кылышат. Ал кишнин тарбиясын алган уулмун. Сыймык ушунда. Мен үчүн Стамов деген фамилия брендге айланды. Көп акыл-насааттарын жашоомдо колдонуп жүрөм. Бул мага баа жеткис байлык. Ал эми материалдык байлык келип кетчү нерсе.