Радио

Талканчиев: Өзбекстанда өткөн чемпионат бизге зор тажрыйба болду

ӨКМдин "Инсарак" бөлүмүнүн адиси жана машыктыруучусу Самарбек Талканчиев Өзбекстанда өткөн чемпионат аларга зор тажрыйба болгонун айтты.
Sputnik
Өзбекстандын Самарканд шаарында уюштурулган өрттөн куткаруу спортунун XVII дүйнөлүк чемпионатына 11 мамлекеттен катышуучулар, ал эми 32 мамлекеттен өкүлдөр катышты. Бул тууралуу Самарбек Талканчиев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, кыргызстандык өрттөн куткаруучу адистер биринчи жолу дүйнөлүк аренага чыкты.
"Мен бул тармакта 1985-жылдан бери иштеп келдим. Аталган чемпионат өрттөн куткаруучу кыргызстандык адистердин алгачкы дүйнөлүк мелдеши болду. Апрель айында чакыруу келип, ар бир өлкөдөн 10 спортчу бара турганын айтышты. Жыйынтыгында 8-орунду алдык. Бизге бул нерсе чоң жана зор тажрыйба болду. Анткени Кыргызстан менен Тажикстан өрттөн куткаруу спортунун дүйнөлүк чемпионатына быйыл биринчи жолу катышты", — деди Талканчиев.
Ал катышуучуларды бир гана дене бой жактан эмес моралдык жактан да даярдаш керектигин кошумчалады.