БИШКЕК, 15-окт. — Sputnik. Кыргызстан август айында 999 грамм алтын экспорттоду, анын баары Бириккен Араб Эмирлигине сатылды. Мындай маалымат Статистика боюнча улуттук комитет жарыялаган сандарда камтылган.
Январь-июль айларында 64 килограмм 441,2 грамм алтын баш-аягы 609,6 миң долларга сатылган. Мунун баары Түркияга экспорттолгон.
Ал эми жалпы сегиз айда (январь-август) 65 килограмм 440,2 грамм баалуу металл жалпысынан 667,3 миң сомго экспорттолуп, БАЭден жаңы сатып алуучу пайда болгон. Ал августта Кыргызстандан 999 грамм алтынды 57,7 миң долларга алып кеткен. Бир грамм алтын дээрлик 58 доллар турат, бирок дүйнөдө баалар 31,1 граммдык трой унциясы менен бааланат. Демек, араб өлкөсүнө бир алтын куймасы 1 796,3 доллардан сатылган.
Салыштыруу үчүн Баалуу металлдар рыногунун Лондон ассоциациясынын кечки фиксингин карап көрсөк, бул алтындын дүйнөлүк баасы болуп чыгат. Августта 1716 доллардан 1796,7ге чейин сатылып жаткан.
Статистика боюнча улуттук комитет ачык жарыялаган маалыматтарга ылайык, 2018-жылдан бери сатып алып жаткан өлкөлөрдүн катарына БАЭ биринчи болуп кошулду.