Бишкектин борбордук райондорунда төрт күн бою газ болбойт

"Газпром Кыргызстан" 1971-жылы пайдаланууга берилген жер астындагы газ түтүктөрүндө газдын чыгышын жоюу боюнча оңдоп-түзөө иштерин жүргүзөт.
Sputnik
БИШКЕК, 15-окт. — Sputnik. Бишкектин борбордук райондорунда 17-20-октябрда газ өчүрүлөт. Бул тууралуу "Газпром Кыргызстан" ишканасы билдирди.
Ишкана 1971-жылы пайдаланууга берилген жер астындагы газ түтүктөрүндө газдын чыгышын жоюу боюнча оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүүнү пландап жатат.
Көгүлтүр от өчүрүлчү жерлер:
Чүй проспектиси, Ибраимов, Москва жана Калык Акиев көчөлөрү менен чектешкен аймакта;
Жибек жолу проспектиси, Сүйүмбаев, Түгөлбай ата жана Шопоков көчөлөрү менен чектешкен аймакта;
Элебаев, Байтик баатыр, Кулатов жана Лев Толстой көчөлөрүндө.
Компания ыңгайсыздыктар үчүн шаардыктардан кечирим сураган.
Бишкектеги таштанды полигонундагы көйгөй кантип чечилет? Мэрдин жообу