10,6 млн. сом зыян келген. Өлкөгө мыйзамсыз алып келинген учак аныкталды

Аныкталган учак боюнча бажы операциялары жана анын жол-жоболору аткарылган эмес.
Sputnik
БИШКЕК, 14-окт. — Sputnik. "Манас" бажысынын кызматкерлери өлкөгө мыйзамсыз алып келинген учакты аныктады. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, мыйзамсыз иш-аракеттерден өлкөгө 10 миллион 637 миң 983 сом зыян келтирилген. Учактын Пакистандын Рахимъярхан шаарынан алып келингени белгилүү болду.
"2020-жылдын 14-декабрында Рахимъярхан — Бишкек каттамы боюнча Кыргызстандын аймагына ИЛ-76 аба учагы келгендиги аныкталды. Ага Кыргыз Республикасынын улуттук каттоо белгиси ыйгарылып, жарандык авиация органдарында катталган жана жарандык аба учактарынын реестрине киргизилген. ЕАЭБдин бажы мыйзамдарына ылайык, учакты өлкөнүн аймагына алып киргенден кийин белгилүү бир бажы жол-жоболоруна жайгаштыруу менен бажы операцияларын өткөрүү каралган. Бирок ал учак боюнча бажы операциялары жана башка бажы жол-жоболору аткарылган эмес", — деп жазылат Бажы кызматынын маалыматында.
Бул факт боюнча материалдар Транспорт прокуратурасына өткөрүп берилди.
100 млн. сомдук зыян. Прокуратура экологияны тескеген жетекчилерди кармады