РФтин экс-премьери: Путинди Минск макулдашуусуна кол коюуга Меркель ынандырган

Степашин Путин өзүн жана Россияны алдап кеткендерге мамилеси катаалдашканын айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 14-окт. — Sputnik. Германиянын экс-канцлери Ангела Меркель Россия президенти Владимир Путинди Минск макулдашуусуна кол коюуга көндүргөн башкы саясатчы, бул документ болбосо Москва ошондо эле "Новороссияны" улутчулдардан бошотуу маселесин чечип алмак. Бул тууралуу РИА Новости агенттигине Россия өкмөтүнүн мурунку төрагасы Сергей Степашин айтып берген.
"Путинди Минск макулдашуусуна кол коюуга Ангела Меркель ынандырган. Новороссияны улутчулдардан ошондо эле бошотуп алмакпыз. Анда жеңилирээк болмок, бирок Германиянын канцлери "күтө туралы, Минск макулдашуусуна кол коелу, сүйлөшөлү" деген", — деди Степашин.
Анын айтымында, президенттик жылдарында Путин катаал боло түштү.
"Мен кызматтан кетип жатканда баарыбыз Батыш менен эпке келдик деген ойдо болчубуз. Ишенгенбиз, мен дагы, Борис Николаевич дагы, президенти дагы", — деди Степашин.
Өкмөттүн мурунку төрагасы Путин АКШ президенти, Улуу Британия премьери жана Германия канцлери менен жолукканын айтып берген. Анда Россия НАТОнун кеңейиши жана Варшава макулдашуусуна кол койгон мамлекеттерди куралдандырбоо тууралуу сүйлөшкөн. Бирок эч бир макулдашуу аткарылган жок.
"Албетте, аны да, биздин өлкөнү да алдап кеткендерге мамиле катаалдашат", — деди Степашин.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Кулеба Украина АКШ жана Британия менен бирге контрчабуул жасаганын моюндады