Диами Алмазбекова "Кыргызстан сулуусу" аталды. Сүрөт

Жеңүүчү 20 жашта, модель болуп иштейт.
Sputnik
БИШКЕК, 14-окт.— Sputnik. "Кыргызстан сулуусу — 2022" сынагынын финалы болуп, Диами Алмазбекова жеңүүчү аталды.
Иш-чаранын уюштуруучусу Рыскүл Намазбекованын айтымында, сулуулар сынагы кечээ, 13-октябрда, Бишкекте болгон. Бийкечтер "өзүн тааныштыруу", "улуттук костюм", "үй тапшырма" жана "кече кийими" деп аталган этаптардан өтүшкөн.
1 / 3

"Кыргызстан сулуусу — 2022" сынагынын финалы болуп, Диами Алмазбекова жеңүүчү аталды

2 / 3

Иш-чаранын уюштуруучусу Рыскүл Намазбекованын айтымында, сулуулар сынагы кечээ, 13-октябрда, Бишкекте болгон

3 / 3

Бийкечтер "өзүн тааныштыруу", "улуттук костюм", "үй тапшырма" жана "кече кийими" деп аталган этаптардан өтүшкөн

"Кыргызстан сулуусу — 2022" наамын алган Диами Алмазбекова 20 жашта, модель болуп иштейт.
Эске салсак, былтыр бул наамды Алтынай Ботоярова алган. Жакында эле ал "Аалам сулуусу" сынагына катыша турганын жар салды.
Кыргызстандык келин Түштүк Кореядагы сулуулук сынагында жеңүүчү болду. Сүрөт