Оор атлет Эмил Молдодосов Азия чемпионатынан күмүш медаль утту

Мелдеш Бахрейндин Манама шаарында өтүп жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 14-окт. — Sputnik. Оор атлетика боюнча Азия чемпионатында Эмил Молдодосов күмүш медаль утту. Бул туурасында Дене тарбия жана спорт департаменти билдирди.
Аталган мелдеш Бахрейндин Манама шаарында өтүп жатат. Кыргызстандык спортчу 89 килограмм салмак категориясы боюнча катышып, жулкуп көтөрүүдө (166 килограмм) биринчи орунду, ал эми түртүп көтөрүүдөн (195 килограмм) үчүнчү орунду алган. Жыныйтыгында 361 упай менен экинчи орун ыйгарылган.
Мындан сырткары, Кыргызстандын атынан Ишенбек Муратбек уулу менен Бекдөөлөт Рыскулбеков да катышууда. Оор атлетика боюнча Азия чемпионаты 5-октябрда башталган, эртең жыйынтыкталат.
Дастан Лепшаков бильярд боюнча дүйнө чемпиону болду. Видео