Баланы гаджетке байлабай, эшикке ойноткон алда канча пайдалуу. Адистердин кеңеши

Адистер балдарга күнүнө гаджетти колдонууга уруксат берген убакыт ченемин айтышты. Эки жашка чейинки балага смартфондорду берүүгө болбойт.
Sputnik
БИШКЕК, 14-окт.— Sputnik. Республикалык ден соолукту чыңдоо борбору балдардын гаджеттерди ашыкча колдонуусу ден соолугуна олуттуу зыян алып келерин эскертти.
Мекеменин билдирүүсүндө айтылгандай, планшет, компьютер, смартфондор балдарды көп убакытка чейин алек кыла алат, бирок анын терс таасири да ошончолук көп.
"Гаджетти ашыкча колдонгон баланын көрүүсү начарлап, тили кеч чыгат, тынчсызданып, кыжыры бат келет. Невроз жана депрессиялык абалда болуп, социалдаштыруу жана эмоционалдык интеллектин өнүктүрүүдө көйгөйлөр жаралат", — деп айтылат маалыматта.
Анда белгиленгендей, баланын үйрөнүү жөнөмдүүлүгү төмөндөп, көңүлү бир жерде болбойт жана эс тутуму начарлайт.
"Остеохондроз, сколиоз, моюнчасынын айланасында кан айлануу бузулуп башы ооруйт, уйкусу бузулат. Албетте, гаджеттердин пайдасы да бар. Бирок бул тууралуу бала маалымат менен иштөөнү үйрөнгөндөн кийин гана ага айтуу туура болот", — дешти борбордон.
Ошондой эле адистер балдарга күнүнө гаджетти колдонууга уруксат берген убакыт ченемин айтышты:
эки жашка чейинки наристелер гаджеттерден толугу менен алыс болушу керек;
эки жаштан беш жашка чейинкилер күнүнө бир сааттан ашык эмес;
алты жаштан 18 жашка чейинки балдар күнүнө эки саатка чейин колдонгону туура.
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматы боюнча, кичинекейлер телевизор, телефонду көп тиктешет. Андыктан эксперттер алардын ордуна балдардын сырттагы оюндарын күнүмдүк жашоого кайра кайтарууга чакырышкан.
"Балдарыңыз менен ойноңуз, сейилдеңиз, аларга активдүү болууга мүмкүнчүлүк түзүп бериңиз", — деп айтылат маалыматта.
Окумуштуулар: гаджеттен көзүн албаган бала күнүнө бир саат кыймылда болушу керек