Астанада "Борбор Азия — Россия" саммити башталды

Алты мамлекеттин башчылары бир катар маселелерди талкуулашмакчы.
Sputnik
БИШКЕК, 14-окт. — Sputnik. Астана калаасында Борбор Азия мамлекеттеринин жана Россия лидерлеринин саммити башталгандыгын Sputnik Казакстан билдирди.
Бул мындай форматта болуп жаткан биринчи иш-чара, ага Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан жана Россиянын президенттери катышууда.
Аталган саммити өткөрүү боюнча демилгени Россия көтөрүп чыккан. Анда жалпы азыркы геосаясий кырдаалда соода-экономикалык кызыкчылыктары дал келген мамлекеттердин өз ара алакасы талкууланмакчы.
КМШ башчыларынын саммитинде кол коюлган документтердин тизмеси