Астанада КМШ өлкө башчыларынын саммити башталды. Видео

Казакстандын борбору Астана шаарында КМШ мамлекеттеринин президенттер кеңешинин кезектеги жыйыны башталды. Ага Кыргызстандын башчысы Садыр Жапаров катышууда.
Sputnik
БИШКЕК, 14-окт. — Sputnik. Sputnik Казакстан президенттердин чогулуп сүрөткө түшкөн видеосун жарыялады.
Иш-чарага Казакстан лидери Касым- Жомарт Токаев төрагалык кылууда. Ал саммитти ачып жатып өлкө башчы болгондон бери жыйынга биринчи ирет катышып жаткан Түркмөнстан президенти Сердар Бердымухамедов менен учурашты. Андан соң жыйынды ачык деп жарыялады.
Иш-чарага Кыргызстан, Казакстан, Россия, Азербайжан, Армения, Беларусь, Түркмөнстан, Тажикстан, Өзбекстан мамлекеттери катышууда.
Мындан тышкары, бүгүн Астана шаарында "Борбор Азия — Россия" форматындагы 1-саммит өтөт.
Азиядагы кызматташуу боюнча кеңешме эл аралык уюм болуп өзгөртүлдү