Антимонополия "Дордой" базары тарапта сатылып жаткан көмүрдүн баасын арзандатты

Кызматкерлер текшерип барганда бир тонна көмүр 5 000-5 400 сомдон сатылып жатканы аныкталган.
Sputnik
БИШКЕК, 14-окт. — Sputnik. Монополияга каршы кызмат Бишкек жана Чүйдөгү көмүр саткан базаларга барып түшүндүрүү иштерин жүргүздү. Бул туурасында мекеменин маалымат кызматы билдирди.
"Дордой" базары жактагы айланма жолдун боюнда Кара-Кече кенинин көмүрүнүн тоннасы 5 000-5 400 сомдон сатылып жатканы аныкталган. Ташуучулар жана сатуучулар менен жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында 4 600-4 200 сомго чейин төмөндөтүлгөн.
"Чүй облусунун Аламүдүн районунда Кара-Кече көмүрүнүн жогорку чекене баасы бардык чыгымдарды эске алуу менен тоннасы — 4 600 сом. Токмок шаарындагы көмүр рыногунда абал туруктуу, учурда үч отун базасы жана стационардык жети пункт иштеп жатат. Көмүрдүн запасы 3 060 тоннаны түзөт. Шабыркөл жана Кара-Жыра кендеринен чыккан көмүрдүн чекене баасы 5 000 сомдон, Кара-Кеченин көмүрү 4 300-4 400 сомдон сатылууда", — деп айтылат маалыматта.
Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо максатында сатуучуларга монополияга каршы мыйзамдардын сакталышы, тиешелүү текшерүүдөн өткөн таразалары жана баа биркалары болушу боюнча эскертүүлөр берилген.
Бөлүмдүн бул багыттагы иштери күн сайын жүргүзүлөрү белгиленди.
Көмүрдү Бишкекте кайсы жерлерден сатып алса болот. Баасы, дареги