15-октябрга карата аба ырайы

15-октябрга караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 14-окт. — Sputnik. Ишембиде көпчүлүк аймактарда күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй облусунда +22...+27, Талас жергесинде +24...+26, Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймактарында +23...+28, Ысык-Көл жана Нарында +14...+19 градус жылуу болору болжолдонду.
Күндүн табы борбор калаада +24...+26, Ош шаарында +26...+28 градуска чейин көтөрүлөт.
Жылуу болот. Дем алышка карата аба ырайы