Садыр Жапаровдун Астанадагы сүйлөгөн сөзү. Урунттуу учурлар

Мамлекет башчы глобалдык экономика эл аралык чыңалуудан улам жаңы соккуларды баштан кечирип жатканын белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 13-окт.— Sputnik. Бүгүн, 13-октябрда, президент Садыр Жапаров Астанада өтүп жаткан Азиядагы кызматташуу жана ишеним чаралары боюнча кеңешменин 6-саммитинде сөз сүйлөдү.
Мамлекет башчы токтолгон маселелердин урунттуу учурлары:
коронавирус пандемиясынын таасиринен толук чыга элек глобалдык экономика азыр эл аралык чыңалуудан улам жаңы соккуларды баштан кечирүүдө;
маалыматтык-коммуникациялык технологияларды колдонуу менен жасалган мыйзамсыз аракеттердин түрлөрү көбөйүүдө. Алар менен күрөшүү үчүн жалпы күч-аракет жана кеңири кызматташтык керек;
Кыргызстан террорчулукка жана экстремизмге каршы күрөшүү боюнча комплекстүү иштерди жүргүзүүнү улантууда. Террордук кыймылдарга эл аралык байкоо жүргүзүү үчүн жүргүнчүлөрдү алдын ала маалымдоо жана жүргүнчүлөрдү каттоо боюнча система ишке ашырылган;
Кыргызстан ШКУнун алкагында Бишкекте Эл аралык уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү борборун түзүү маселесин иштеп жатат;
БУУнун жана бүткүл дүйнөлүк коомчулуктун көңүлүн чакан мамлекеттердин көйгөйлөрүнө буруу максатында Кыргызстан 2027-2028-жылдарга БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө талапкерлигин сунуштады.
Путин: дүйнө көп полярдуу болуп, Азия анда негизги ролду ойной баштады