БИШКЕК, 13-окт. — Sputnik. Баткендин Кадамджай районунда милициянын капитаны пара алып жатканда кармалганын Башкы прокуратуранын маалымат кызматынан кабарлашты.
Аймактык милиция жол кырсыкка кабылган кишинин маселесин чечип, аны жоопко тартуудан алып калыш үчүн 40 миң сом талап кылгандыгы аныкталган.
Аны аймактык прокуратура, УКМК жана милиция 22 миң сом менен кармаган. Бул факт боюнча тергөө иштери башталгандыгын билдиришти.