БИШКЕК, 13-окт. — Sputnik. Кыргызстандын Россияга жана Тажикстанга каршы кутумчулугу жок жана ЖККУнун мүчөлөрү менен касташпайт. Бул туурасында Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов билдиргенин Медиа-штаб жазды.
Ал "Региондо коопсуздукту камсыздоодо Борбор Азия өлкөлөрүнүн кызматташтыгы жана ЖККУнун ролу" аттуу тегерек столдо Кыргызстан ЖККУнун машыгууларын өткөрүүдөн баш тартканы тууралуу комментарий берген.
"Биз машыгууну кийинки мөөнөткө жылдырдык. Ага даярдык 99,9 пайыз болгон. Биз машыгууну өткөрүүдөн баш тарткандан кийин соцтармакта ЖККУну чанып жатат деп жазышууда. Андай эмес, ЖККУ бизге абдан керек. Ал террордук коркунучтардан коргоп, өлкөнүн улуттук коопсуздугунун кызыкчылыктарына жооп берүүгө толук кепилдик берет. Соцтармакта айрым күчтөр бизди ЖККУнун мүчөлөрү менен кагыштырууга жан үрөп жатат. Алардын аракетинен майнап чыкпайт. Биз эч качан касташпайбыз", — деди Иманкулов.
Коопсуздук кеңешинин катчысынын айтымында, ЖККУнун жетекчилиги Ысык-Көлдө октябрда өтө турган ЖККУнун машыгуусун жылдырууну түшүнүү менен кабыл алган.