Каржы пирамидасын жарнамалаган атактуулар 5 жылга чейин камалат. Мыйзам долбоору

Мындай демилге элге таанымал адамдар өз кызыкчылыгын көздөп, карапайым калктын алданып калышына себепчи болуп жатканынан улам көтөрүлгөн.
Sputnik
БИШКЕК, 13-окт. — Sputnik. Кыргызстанда каржы пирамидаларын жарнамалаган атактуу адамдарды жазалоо мыйзам долбоору сунушталды.
Демилгени Жогорку Кеңештин депутаты Шаирбек Ташиев иштеп чыгып, коомдук талкууга койду.
Эгер мыйзам колдоо тапса, каржы пирамидаларын жарнамалап жеке өзү ири суммада киреше тапкан жаранга 2-2,5 миллион сом айып пул салынат же үч жылдан беш жылга чейин эркинен ажыратылат. Ушундай эле жаза мындай компанияларды уюштургандарга да каралган.
Талдоо көрсөткөндөй, экономикалык жана юридикалык сабаты жок айрым жарандар эл көзүндөгү инсандарга ишенип, чогулткан акчасын каржы пирамидаларына салышат. Анан калса жөнөкөй элди адаштырып, каржы пирамидасына каражат салуу коркунучтуу эмес деп ишендирүү менен өздөрү байып келе жатышат.
"Эл миллиондогон акчаларын көтөрүп, батирлерин сатып, кредит алып, акыркы мүлкүн күрөөгө коюп каржы пирамидаларына барганын улантууда. Банктык ипотекалардын пайызы жогору, мамлекеттик ипотеканын ресурстары чектелүү болгондуктан жарандар ушундай кооперативдерге кайрылганга аргасыз болуп жатышат. Кылмыш жоопкерчилигине тартуу каралгандан кийин мындай иштер үчүн блогерлер, ар кандай уюмдардын активисттери жана башка коомдук инсандар тигил же бул каржы өнүмдөрүн жарнамалоодо кыйла этият болушат деп ишенебиз", — деп жазылат долбоордун негиздемесинде.
Ушуга байланыштуу автор каржы пирамидаларын жарнамалаган адамдардын жоопкерчилигин күчөтүү максатка ылайыктуу деп эсептейт.
Сак болуңуз! ИИМ каржы пирамидасындагы элди алдаган схемаларды айтып берди