Актан Арым Кубаттын "Эсимде" тасмасы "Азия Оскарына" көрсөтүлдү

Картинанын Кыргызстандагы премьерасы 2022-жылдын 17-ноябрына белгиленген.
Sputnik
БИШКЕК, 13-окт. — Sputnik. Белгилүү режиссер Актан Арым Кубаттын "Эсимде" тасмасы Азия-Тынч океан киоакадемиясынын (APSA) сыйлыгына көрсөтүлгөнүн продюсер Алтынай Койчуманова билдирди.
Маалыматта 15-ирет боло турган иш-чара ушул жылдын 11-ноябрында Австралиянын Голд-Кост шаарында өтөрү айтылган. APSA сыйлыгы Азия-Тынч Океан чөлкөмүндөгү 70тен ашуун мамлекеттин өкүлдөрү жараткан мыкты кинокартиналарды тандайт.
"Быйыл аталган иш-чарага Кыргызстандан режиссер Актан Арым Кубаттын "Эсимде" тасмасы катышат. Фильм "Мыкты тасма", "Мыкты сценарий" жана "Мыкты аткаруу" номинациялары боюнча ат салышмакчы. Фильмдин режиссеру, продюсери жана сценарийдин авторлошу Дальмира Тилепбергенова номинант болушту", — деп айтылат кабарда.
Эскерте кетсек, APSA киносыйлыгы 2007-жылы негизделген. Жылдан-жылга аброю арткан премия кинематография дүйнөсүндө "Азия Оскары" деп аталып келет.
"Кыргызфильм" улуттук киностудиясы, "Ой Арт", "Биттерс энд" (Япония), "Воля фильмс" (Нидерланд) жана "Мэндра фильмс" (Франция) продюсердик компаниялары жараткан "Эсимде" тасмасы 23 жыл бөтөн жерде жүрүп, акыры мекенине кайткан Зарлык аттуу карыянын турмушун сүрөттөйт.
Картинанын Кыргызстандагы премьерасы 2022-жылдын 17-ноябрына белгиленген.
Советбек Жумадыловдун "карындашы" Венера Нигматулина. Тасмадагы таберик сүрөт