Кыргыз драма театры Казакстанда Ауэзовдун "Эңлик-Кебек" спектаклин тартуулайт

Спектакль 14-октябрда Түркстанда, 15-октябрда Чымкент шаарында көрсөтүлөт.
Sputnik
БИШКЕК, 13-окт.— Sputnik. Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын артисттери Казакстанда Мухтар Ауэзовдун 125 жылдыгына карата "Эңлик-Кебек" спектаклин тартуулашат. Бул тууралуу аталган театрдын маалымат кызматы кабарлады.
"Биз Казакстанга сапар алдык. Театр ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун демилгеси менен XX кылымдын залкар жазуучусу, казак адабиятчысы Мухтар Ауэзовдун 125 жылдыгына карата "Эңлик-Кебек" спектаклин 14-октябрда Түркстан шаарында, 15-октябрда Чымкентте көрсөтөт", — деп жазылат кабарда.
Белгилей кетсек, буга чейин Бишкекке Костанай облустук казак драма театры гастроль менен келип кеткен.
Кыргыз драма театрында октябрда коюла турчу спектаклдер