Пресс-борбор

Министрлик: жаңы директорлордун арасында мектепте иштеп көрбөгөндөр бар

Кыргызстанда беш жылдан ашуун жетекчилик кызматты аркалаган 966 мектеп директору президенттин жарлыгы менен иштен алынган.
Sputnik
БИШКЕК, 13-окт. — Sputnik. Сынактын жыйынтыгы менен директорлукка дайындалгандардын айрымдары буга чейин мектеп системасында иштеп көрбөгөн. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин Мектептеги билим берүү жана китеп чыгаруу саясаты башкармалыгынын башчысы Самаркүл Умралиева бидирди.
Билим берүү жана илим министрлигинин Мектептеги билим берүү жана китеп чыгаруу саясаты башкармалыгынын башчысы Самаркүл Умралиева
Ал Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда өткөн "Экс-министрдин кармалашына карабай кайсы реформалар ишке ашат" аттуу брифингде сүйлөгөн.
Эскерте кетсек, Кыргызстанда беш жылдан ашуун жетекчилик кызматты аркалаган 966 мектеп директору президенттин жарлыгы менен сынактын жыйынтыгы чыккыча иштен алынган.
Умралиевага конкурстун кемчиликтери тууралуу суроо узатылды. Жетекчинин айтымында, экинчи этап дээрлик аяктап калды. Ийгиликтер менен бирге кемчиликтер да бар. Жобо иштелип жатканда билим берүү системасын өзгөртө ала турган тажрыйбалуу, толеранттуу, жаңы көз караштагы адамдарга басым жасалган. Мугалимдик стаж, квалификациясы эске алынган.
"Азыр педогогика багыты өтө кеңири экени аныкталып отурат. Жогорку билим берүү системасында иштегендер же өмүр бою мектепке чейинки билим берүү багытында иштегендер бар. Сынак ачык-айкын өткөндүктөн педагогикалык билими барлардын баары катышууга мүмкүнчүлүк алышты. Бала бакчада иштегендер директор болуп калган учурлар да болду", — деди Умралиева.
Бирок мында биринчи кезекте менеджерлер тандалган, анткени бул адамдар директорлук кызматты алып кете алат.
"Таптакыр мектепте иштебеген адамдар да болду. Алар көбүнчө жогорку окуу жайларда эмгектенип келишкен", — деди адис.
Буга чейин директор болчулар беш жыл окуу бөлүмүн жетектеши керек деген талап бар болчу. Азыркы эрежеден бул шарт алып салынган. Умралиева жетекчилик кызматты аркалайм дегендер жок дегенде эки жыл директордун орун басары болушу зарыл экенин белгилеп, талап кайтарылып жатканын белгиледи.
Пресс-борбор
Диндердин өнүгүү тарыхы предмети окутулуп жатабы? Расмий жооп