Пресс-борбор

Диндердин өнүгүү тарыхы предмети окутулуп жатабы? Расмий жооп

Кыргызстандын мектеп программасына 2022-2023-окуу жылынан тарта президенттин жарлыгы менен диндердин өнүгүү тарыхы сабагы киргизилген.
Sputnik
БИШКЕК, 13-окт. — Sputnik. Диндердин өнүгүү тарыхы предмети боюнча окуу китептери мектептерге жеткирилүүдө, айдын соңуна чейин бардык окуу жайлар камсыздалат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлдөрү Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда өткөн "Экс-министрдин кармалышына карабастан кайсы реформалар ишке ашат" аттуу брифингде билдиришти.
Кыргызстандын мектеп программасына 2022-2023-окуу жылынан тарта президенттин жарлыгы менен диндердин өнүгүү тарыхы сабагы киргизилген.
Министрлик өкүлдөрүнөн эмне себептен аталган китептер электрондук форматта жана кыргыз тилинде гана экенин сурашты.
Ведомствонун Мектептеги билим берүү жана китеп чыгаруу саясаты башкармалыгынын башчысы Самаркүл Умралиева бул сабакты 9-класстын окуучулары окуй турганын белгиледи. Предметти үйрөтө турган теологдор жана тарых мугалимдерин тандоо аяктаган. Дагы 2 450 кишинин документи УКМКга жөнөтүлүп, 2 200 педагог интенсивдүү курстан өткөн. 1-сентябрдан тарта окуу процесси башталып, китептер кыргыз тилдүү мектептер үчүн даярдалды.
Мектептеги билим берүү жана китеп чыгаруу саясаты башкармалыгынын башчысы Самаркүл Умралиева
Министрликтин китеп чыгарууну өнүктүрүү секторунун башчысы Самат Тоялиев быйыл аталган предмет боюнча 120 миң окуу китеби басылып чыгарын билдирди. Анын 72 500ү кыргыз тилдүү мектептер үчүн болсо, 42 300ү — орус тилдүү, 8 300ү — өзбек жана 280и тажик тилдүү мектептерге багытталат.
Министрликтин китеп чыгарууну өнүктүрүү секторунун башчысы Самат Тоялиев
"Кыргыз тилиндеги китептер өлкөнүн бардык аймагына жеткирилди. Калганы даярдалып жатат. Айдын аягына чейин өлкө мектептери толук камсыз болот", — деди Тоялиев.
Министрлик китеп жетиштүү экенин белгиледи.
Радио
Эсенгул уулу: "Кыргыз жараны" концепциясын жайылтууга басым жасалат