Парламентте үч вице-спикерди тең кызматтан кетирүү сунушталды

Айрым депутаттар төраганын орун басарларын кетирүүнүн өзүнчө жол-жобосу бар экенин эскертти.
Sputnik
БИШКЕК, 12-окт. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматова вице-спикерлерди дагы кетирип, башкасын шайлоону сунуштады.
Ал төрага алмашканына байланыштуу вице-спикерлерди дагы кайра башынан шайлаш керек деп эсептейт. Нарматованын демилгесин Элдар Сулайманов дагы кубаттап, сунушун добушка коюуну талап кылды.
Деген менен депутат Улугбек Ормонов төраганын орун басарларын кетирүүнүн өзүнчө жол-жобосу бар экенин эскертти.
"Биз үч вице-спикер тең кетишин каалайбыз, добушка койгула" деген туура эмес. Андай сунуш добушка коюлбайт. Ишеним көрсөтпөө менен кызматтан алсак болот. Эгер ката кетирген болсо, чыгып ачык айтыңыздар. Жөн эле "кет" дей берген болбойт", — деди Ормонов.
Ал эми Марлен Маматалиев вице-спикерлер курамына кирген фракциянын чечими менен гана иштен алынарын белгиледи.
Белгилей кетсек, ЖК төрагасынын үч орун басары бар. Алардын бири Улан Примов бүгүн өз ыктыяры менен кызматын тапшырды.
Бактыбек Сыдыков "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясынын лидери болду