Нурланбек Азыгалиев вице-спикер болуп шайланды

Ал бүгүн кызматын тапшырган Улан Примовдун ордуна келди.
Sputnik
БИШКЕК, 12-окт. — Sputnik. Нурланбек Азыгалиев Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары болуп шайланды.
Анын талапкерлигин бир мандаттуу округдардан шайланып келген депутаттардын "Элдик" тобу көрсөткөн.
Натыйжада Азыгалиевдин вице-спикер болушуна 81 депутат макул болду, каршы добуш бергендер катталган жок.
Ал бүгүн кызматын тапшырган Улан Примовдун ордуна келди.
Нурланбек Азыгалиев №22 Жайыл шайлоо округунан шайланган. Ал VII чакырылыш жаңыдан вице-спикер шайлап жатканда дагы талапкерлигин коюп, бирок өтпөй калган болчу.
Сыйлабас, басмырлоочу мамиле болду. Талант Мамытов агынан жарылган видео