Кыргызстан БУУнун Адам укугу боюнча кеңешине мүчө болуп шайланды

Белгилей кетсек, Кыргызстан БУУнун Адам укугу боюнча кеңешине 2009-2012 жана 2016-2018-жылдары мүчө болгон.
Sputnik
БИШКЕК, 12-окт.— Sputnik. Кыргызстан 2023-2025-жылдарга БУУнун Адам укугу боюнча кеңешине мүчөлүккө шайланды. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, өлкө БУУнун штабында 126 мамлекеттин колдоосуна ээ болуп, шайлоодон жеңип чыккан. ТИМ Кыргызстандын Адам укугу боюнча кеңешине тандалышы боюнча тапшырма Садыр Жапаровдун көзөмөлүндө болгонун белгиледи. Эске салсак, мамлекет башчы БУУнун трибунасында, аталган уюмдун ассамблеясынын 77-сессиясынын жалпы дебаттарында дүйнөлүк коомчулукту өлкөнү колдоого чакырган.
Министрлик президенттин сөзү дипломатиялык кызмат тарабынан ийгиликтүү ишке ашканын кошумчалады. Азиялык топтон аталган кеңештин мүчөлүгүнө Кыргызстан, Афганистан, Бангладеш, Вьетнам, Мальдив жана Түштүк Корея ат салышкан.
"Кыргызстандын мындай абройлуу эл аралык органга тандалышы дүйнөлүк коомчулуктун өлкөнүн адам укуктарын коргоо боюнча салымын тааныганынан кабар берет", — деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, Кыргызстан БУУнун Адам укугу боюнча кеңешине 2009-2012 жана 2016-2018-жылдары мүчө болгон.
Садыр Жапаров БУУнун КРдеги координатору Гравени кабыл алды. Эмне сөз болду