Илхам Алиевдин Кыргызстандагы мамлекеттик сапарынан 15 сүрөт

Азербайжандын президенти Илхам Алиев Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келип кетти. Бул иш-чаранын кандай өткөндүгүн Sputnik сунуштаган кадрлардан көрө аласыз.
Sputnik
2022-жылдын 11-октябрында Азербайжандын президенти Илхам Алиевдин учагы "Манас" эл аралык аэропортуна келип конуп, аны Кыргызстандын башчысы Садыр Жапаров тосуп алды. Алар эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, мамлекеттер аралык кеңештин биринчи отурумун өткөрдү. Сапардын алкагында Кыргызстан — Азербайжан достук паркы жана эки мектеп ачылды. Бирине Гейдар Алиевдин, экинчисине Низами Гянжевинин ысымы берилди.
Кызматташуу боюнча маанилүү сегиз документке кол коюлду. Анын ичинде 25 миллион долларлык уставдык капиталы менен кыргыз-азербайжан фондун түзүү келишими болду.
Алиевдин мамлекеттик сапары эки күн болду.
1 / 15

11-октябрда Азербайжандын президенти Илхам Алиевдин учагы "Манас" эл аралык аэропортуна келип конду

2 / 15

Илхам Алиевди Кыргызстандын башчысы Садыр Жапаров тосуп алды. Жогорку даражадагы конокту тосуп алуу үчүн аэропорттун флагштокторуна эки өлкөнүн желектери илинип, килем төшөлүп, Ардак кароол тизилди.

3 / 15

Расмий тосуп алуу учурунда Алиевге музыкалык номер тартууланды

4 / 15

Азербайжан президенти "Ата-Бейит" улуттук тарыхый-мемориалдык комплекске зыярат кылды. Анын улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун бейитине гүл коюп жаткан учуру.

5 / 15

"Ата-Бейитте" 1916-жылкы каргашалуу Үркүндүн кесепетинен каза болгондорго жана сталиндик репрессиянын курмандыктарына жана Чыңгыз Айтматовго куран окулду

6 / 15

Эки мамлекеттин башчылары мамлекеттер аралык кеңештин биринчи отурумун өткөрдү

7 / 15

Кызматташуу боюнча маанилүү сегиз документке кол коюлду. Анын ичинде 25 миллион долларлык уставдык капиталы менен кыргыз-азербайжан фондун түзүү келишими бар.

8 / 15

Илхам Алиев Кыргызстан менен Азербайжан Достук паркынын ачылышында

9 / 15

Паркты ачуу салтанатынан бир көрүнүш

10 / 15

Жапаров Алиевге эстелик белек тапшырды. Ал анын атасы Гейдар Алиевдин Кыргызстанга келгенде тартылган сүрөтү болду.

11 / 15

Бишкектеги №20 мектеп-гимназияга Гейдар Алиевдин ысымы ыйгарылды

12 / 15

Президенттер Сарап Жапаров менен Илхам Алиев №20 мектеп-гимназияда

13 / 15

Азербайжан лидери Ала-Арча жаратылыш паркына барды

14 / 15

Ардактуу меймандар үчүн тамак-аштан даам татуу, улуттук азык-түлүк көргөзмөсү жана "Аталар изи" кыргыз улуттук кийимдеринин коллекцияларынын көргөзмөсү уюштурулду.

15 / 15

Илхам Алиевдин Кыргызстандагы мамлекеттик сапары эки күн болду