Бишкекте жасалма 5700 долларга криптовалюта сатып алууга аракеттенишкен. Видео

Кылмыш иши козголуп, шектүүлөр убактылуу кармоо жайына киргизилген.
Sputnik
БИШКЕК, 12-окт. — Sputnik. Борбор калаада жасалма долларды сатууга аракеттенгендер кармалганын УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.
Эки эркек киши алдамчылык ниетин ишке ашырууга аракет кылган. УКМК суммасы 5 700 доллар болгон акчага криптовалюта сатып алууга ниеттенген эки эркек кишини кармаган.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 233-беренесинин негизинде иш козголгон.
УКМКдан шектүүлөр убактылуу кармоо жайына киргизилгенин кошумчалады.
УКМК Азербайжандын жаранын жасалма акча сатып жаткан жеринен кармады