Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Украина жеңилсе НАТО дагы уттурарын айткан Столтенбергге Медведев жооп берди

Медведев НАТО Россияга каршы согушка катышып жатканын тастыктап койгонун белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 11-окт. — Sputnik. Украинадагы жаңжалда Россиянын жеңиши НАТО үчүн да утулуш болуп калат. Бул тууралуу альянстын башкы катчысы Йенс Столтенберг билдирди.
“Баарыбыз үчүн Украинанын жеңишке жетиши маанилүү. Эгер Путин утуп кетсе, бир гана Украинанын эле жеңилиши болбой, баарыбыз уттурабыз. Себеби ал дүйнөнү коркунучка кептеп, ал эми бизди алсыратат”, — деди Столтенберг.
Анын билдирүүсүнө Россиянын Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведев үн катты.
Ал башкы катчы мындай билдирүүсү менен НАТОнун Россияга каршы согушка катышып жатканын тастыктап койду деп билдирди.
“Бул чоң акыл менен эмес, чын жүрөктөн айтылган сөз дегендей болду. Норвегиялык жигит акыры муну мойнуна алды”, — деди Медведев.
Ошондой эле ал Украинадагы жаңжалдын артка кайтарылгыс дүйнөлүк согушка чейин күчөшүнө алып келүүнүн эң ыкчам жолу Киевге алыскы аралыкка таамай атуучу ракеталарды жеткирүү болуп саналарын белгиледи.
ЖМК: Украинанын НАТОго кошулушу АКШга жакшылык алып келбейт