Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Сауд арабиялык серепчи: АКШ Зеленскийди ээликтирип, эми шаабайын суутуп жатат

Савсан аш-Шаер Зеленскийдин чечиминен Украина гана жапа чеккенин белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 11-окт. — Sputnik. АКШ Украинаны НАТОго кошуласыңар деп ээликтирип, эми Зеленскийдин альянска тез арада кирүү арызын Вашингтон кийинкиге калтырып койду. Бул тууралуу Asharq Al-Awsat басылмасынын серепчиси Савсан аш-Шаер жазганын РИА Новости билдирди.
"Вашингтон Киевди НАТОго кирүү үчүн арыз берүүсүн айтып азгыра баштаган. Москва жөн карап отурбасын да билген. Меркель ошол учурда Украинаны альянска кошууга каршы чыккан эле (сыягы ал америкалыктардын максатын билсе керек), бирок аны эч ким уккан эмес. Киев өзүнүкүн бербей, Байдендин администрациясы шыкактап турган", — деп жазган макаланын автору.
Савсан аш-Шаер Зеленскийдин мындай чечиминен Украина гана жапа чеккенин белгиледи.
"Жакында эле Зеленский альянс аны кучак жайып тосуп алчудай НАТОго тезирээк кошулууга арыз тапшырды. Бирок жыйынтыгы кандай болду? Америка коё тургула дегендей кылып, муну беймаал жасалган кадам деп атады. НАТОго кирүүгө ээликтирген дал ушулар эмес беле. Анда эмнеге азыр ага убакыт жок деп жатышат?" — деген серепчи.
Ал Зеленскийдин НАТОго кошулуу боюнча арызы жакын арада жактырылбай турганын айтып, альянс Россия менен түз конфронтацияга азыр да, кийин да барбай турганын кошумчалаган.
Украина президенти Владимир Зеленский 30-сентябрда Киев НАТОго тез арада кирүүгө арыз бергенин маалымдаган. АКШ президентинин улуттук коопсуздук боюнча жардамчысы Жейк Салливан муну беймаал жасалган кадам деп атаса, НАТОнун башкы катчысы Йенс Столтенберг жаңы өлкөлөрдү альянска кошуу чечимин уюмдун бардык мүчөлөрү кеңешип, бир пикирге келген соң гана кабыл алынарын белгилеген.
ЖМК: Украинанын НАТОго кошулушу АКШга жакшылык алып келбейт