Садыр Жапаров азербайжандык инвесторлорду чакырып, ыңгайлуу шарттарды убадалады

Жапаров мамлекеттер аралык мамилелерди бийик деңгээлде кармоого ынтызарлыгын белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 11-окт. — Sputnik. Азербайжандын президенти Ильхам Алиевдин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында эки өлкөнүн ортосундагы мамлекеттер аралык кеңештин биринчи отуруму болуп өттү. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Жыйында сөз сүйлөгөн мамлекет башчы Садыр Жапаров Азербайжан делегациясынын келишин кубаттап, бул сапарга эки өлкөнүн ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктүн логикалык уландысы катары өзгөчө маани берерин белгиледи.
"Биздин алдыбызда стратегиялык максаттарды жана иш-аракеттер алгоритмин, ошондой эле келечектеги мамилелерибиздин багыттарын, мазмунун жана мүнөзүн аныктоо милдети турат. Биз мамлекеттер аралык мамилелерди бийик деңгээлде кармоого, кызматташуунун механизмдери боюнча бардык алака-катыштарды ыкчамдатууга даярбыз", — деди Жапаров.
Ошондой эле президент Азербайжандын бизнес коомчулугун Кыргызстанга чакырып, аларды коргоого кепилдик берип, эң ыңгайлуу шарттар түзүлөрүн убадалаган.
Илхам Алиев "Ата-Бейитке" барып, Айтматовдун бейитине гүл койду. Сүрөт